Бүгүн, 18-июнда 5-каналдын “Кеп ошондо” берүүсүндө белгилүү журналист Нарын Айып “Азаттыктын” “Миллиондордун изи” аттуу иликтөөсү тууралу өз пикирин билдирди.
Анда Нарын Айып “Азаттык” “Миллиондордун изи” аттуу материалында Матраимовдор тууралу иликтөө жүргүзбөй эле, бирөөлөр берген материалдардын мазмунун гана айтып берип койгон дейт.
“Азаттык” өлкөдөн 7 жылда $700 млн чыгарылып кеткендигин айтат, бирок анын Матраимовдорго кандай тиешеси бар экенин айта албайт. Али Токтакунов өзү да 5-каналга келип “мен 700 млн доллар Матраимовдорго тиешеси бар деп эч качан айткан эмесмин” дейт. Бирок “Азаттыктын” казак жана өзбек кызматтары, “Настоящее время” телеканалы ал 700 млн доллар Матраимовдуку деп ачык эле жар салып жатышат. Муну фактыларды бурмалоо деш керек… Раим Матраимовдорду эч ким жактап, колдогон жок. Эгер ал кылмыш кылса жазаланыш керек. Бирок журналисттердин да уяты менен принциптери болушу керек. Кимдир бирөө айдактаса эле ошону баса калып, каралоо менен журналисттер өздөрүн жана өз кесибин каралап жатат. Андай ишке баргандан кийин тазаланыш оңой эмес. Мындай учурда журналисттер каалабаса да бирөөлөрдүн куралына айланып кетет…”, – деди “Азаттыктын” мурунку журналисти Нарын Айып.
Видео: 5-канал
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ