ИИМ орун басарлыгын Алмаз Орозалиев төрт жылдан бери жетектеп келатат. Ага чейин бир топ оперативдик кызматтарды аркалап, ишине болгон тактыгын, профессионалдуулугун көрсөтүп, өздүк курам ичинде урмат-сыйга татыган. Билими, тажрыйбасы жагынан учурда бышып-жетилип турган кадрлардын сап башында турат. Алмаз Орозалиевдин башка ийгиликтерин санап отурбай, соңку эле ШКУнун өтүшүн көзөмөлдөгөнү, жогорку деңгээлдеги башкаруучу катары милиция кызматкерлерин жетектегени алкоого арзып атат. Коопсуздук, тартип кынтыксыз камсыздалды. Дал ушундай профессионал кадрдын эмгегин жогорку жактагылар баалап, көңүл буруп коюшса эмнеге болбосун? Бир гана мамлекетибиз утмак да. Алмаз мырза Чүйдүн кулуну, интеллигенция үй-бүлөсүндө чоңойгон. Интригадан алыс, бою да узун. Генералга алмашкыс үлгүлүү полковник!
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ