Кечээ, 20-июнда Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” маселе талкууланды. Адегенде Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы угулду.
Комиссия экс-президентке мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алганы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, ТЭЦке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алышы боюнча айып тагылууда. Ушундан улам, комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча шектелүүгө негиз бар деген жыйынтыкка келген.
Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтомдун долбоорун талкуулоо учурунда 4 депутат айым айтыша кетишти. Алгач Атамбаев камалса артынан биз да камалып кетебиз деп чочулаган депутат Ирина Карамушкина Атамбаевди жактап, депутаттарды боктоп бир алкынып алды. Ага каршы депутат айымдар Аида Касымалиева, Аида Исмаилова, Евгения Строкова жана Элвира Сурабалдиевалар контрчабуул жасашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ