Menu

Матраимовдорго шах!, өзүнө мат! Алини нокаут кылган Элнура

Бөлүшүү:

“Азаттык” Али Токтакунов деген кабарчысынын оозу менен Матраимовдордун дарегине ачкемердей жабышып, калпты ышкыртып “өрдөктөрүн” учуруп жатканда … “изи сууган миллиондордун” тагдырына күйүп-бышып, муногу “крокодилдер” жеп алышыптыр деп жан далбас урганы көз алдыда туру.Кала берсе Али догурунуп, мөөр коюлган кайдагы бир кагаздарды көрсөтүп, керек болсо энеңердин Үч-Коргонун көрсөтөм, деп жылаңач баатыр болгондо, кандайдыр бир ишеним пайда болуп, бул күтүүсүз “сенсациянын” соңуна кызыгып карап калышкан. Тилекке каршы, “Андалеги же бышпай же жарылбай”, камек анделек боюнча кала берди. Бул тууралуу иликтөө жүргүзүшкөн “5-каналдын” кабарчылары “кимдин ким экенин” узун элдин учуна жеткире алышты.

15-июнда “Бешинчи канал” жаңылыктарынын кечки чыгарылышында “Азаттыктын” жарыялаган “Кыргызстандан изи сууган миллиондор” деген иликтөөсүнө улай өз репортажын көрсөттү. Репортажды даярдаган журналист Элнура Алканова “Азаттыктын” иликтөөсүндө банктын дүмүрчөктөрү деп көрсөтүлгөн кагаздар дүмүрчөк эмес эле, акча которууга билдирме (заявка) болуп чыкканын айтат.

Ошондой эле, репортажды даярдоонун жүрүшүндө банк дүмүрчөктөрүнүн чын же калпын аныктоо максатында атайын эксперимент жасап көрүшкөн. Анда “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов иликтөөсүндө көрсөткөн дүмүрчөктөрдө жазылуу Түркиядагы банкка барышып, ошол банктан Кыргыз өлкөсүнө акча которушкан. Акча которуу учурунда билдирме өз колу менен толтурулуп, транзакциянын аягында дүмүрчөк берилген.

Ал дүмүрчөк менен “Азаттык” өз иликтөөсүндө жарыялаган дүмүрчөктү салыштыра келгенде, Али Токтакунов көрсөткөн дүмүрчөктө бир топ грамматикалык жана орфографиялык каталар бар болуп чыккан. “Бул репортажда Кыргыз мамлекетинен которулган 700 миллион долларга кайсы бир чиновниктердин тиешеси бар болушу мүмкүнбү деген гана суроо болчу. Иликтөөдө жарыяланган документтер жасалма экенин далилденгенинен “Азаттыктын” коррупцияга каршы күрөшүүгө болгон таза ниетин кимдир бирөөлөр пайдаланып, ишенимдүү булактары жасалма документтерди сунганбы деген ой жаралат. Кызыкчылыгы бар адамдардын артынан ээрчип кетпеш үчүн кыргыз журналистикасы дагы көп нерселерге үйрөнүп, колго тийген документтерди жарыялоо алдында жети өлчөп бир кесе турган учуру келди”, – деп Элнура Алканова репортажды аяктады. Буга чейин “Азаттык” радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн деген иликтөө жарыялаган.

“Азаттыктын” буйрутмчылык ыкма менен элге таңууланган “Миллиондордун изин кууган” уктуруусу боюнча соцтармактарда талкуу кызуу жүрүп бүтпөй, килейген чекитти “5-каналдын” дилдүү, тилдүү журналист кызы Элнура Алканова койду сыягы. Ал тигилердин таш-талканын чыгарып, атайын көрсөтүүсүн узун элдин учуна жеткизди. Буга чычалаган “Азаттыктын” башчысы Айзада Касмалиева: Акча кимди гана кул кылбайт. Ал үчүн чындыкты көргүсү келбей, бирөөнүн күчүгүнө айланып, жанын бакканды артык көргөндөр четтен чыгат. Сазда жашай берели дешет окшойт… деп шашылган шайтандай жаза салып, бүгүн бармагын тиштеп отурат чамада. Кудум өзүнүн кеңсечинин ишин жазып салганын таназарга албаганын. Ага жооп кылып Элнура минтип шилтеп ийиптир: “Мен “Азаттыктын” иликтөөсүн көрүп жатканда профессионалдык көндүм боюнча документтердеги деталдарга маани бердим. Биринчиден, видеороликтин 3-мүнөтүндө Алинин (ред. Токтакунов) Кыргыз мамлекетинен чет өлкөгө акча которулду деген документтерин байкадым. Ал жерде Саймаитинин колу кытай иероглифтери менен коюлган. Андан кийин 27-мүнөттө ал башка документтерди көрсөттү, ал жакта Саймаитинин колу башкача – латын стилинде коюлган. Мен анын кол койгон жерин кесип алдым да, Үаndех Рһоtо издөөчү программасына киргиздим. Ал мага сайттардын биринен ал колдун копиясын дароо таап берди. Анда SРСА Floridа деп аталган америкалык фонддун директору Адам Стенфилд ачык кат менен кайрылып, астына кол койгон. Ошол кол коюлган документтерди “Азаттык” Саймаитиники деп көрсөттү.

Андан кийин документтердин жарымы жасалма экенин аныктаган башка дагы деталдар чыкты. Дагы башка документтерин аныктоого мүмкүн болгон жок. Себеби алар “Азаттыктын” иликтөөсүндө сапатсыз көрсөтүлгөн. Кечээ Али Токтакунов биздин бардык суроолорду уккандан кийин чаржайыт жооп берди, бизди “силер буйрук менен иштеп жатасыңар” деп айыптай баштады. Биз анын бул айыптоолорун аябай жарыялагыбыз келди, бирок Али ал сүйлөшүүлөрдү жарыялоого тыюу салды. Бүгүн болсо “Азаттыктын” директору Айзада Касмалиева өзүнүн баракчасына биз тууралуу “акчага азгырылган күчүктөр” деп жазды, бирок ал менин атымды атаган эмес, этияттанууда. Мени жана “Бешинчи каналды” кемсинткендерге айтарым – кимдир бирөөнү кемсинтип же айыптоодон мурун өзүңөрдүн сөзүңөргө далил тапкыла.

Мен Алинин сөздөрүнө таарынбайм, эртең аны кеңседе күтөм. Оффрекорд же онрекорд, айырмасы жок, бирок биз документтерди салыштырышыбыз керек. Али өзүнүн кагаздарына башка тараптан да карап көрүшү керек. Мындай катуу сөздөрүнө карабай, көзүмдү жумуп, алар менен конструктивдүү иштешүүгө чыдайм, албетте, эгер “Азаттык” кааласа”, – деп жазган ал.

Али Токтакунов 5-каналдын журналисти менен дебатка чыгуудан качты

Журналист Элнура Алканова бул иликтөөлөрүн тастыктап берүү үчүн Токтакунов менен дебатка чыгууга даяр экенин билдирген. Мындай чакырык экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалынан болгон. Бирок, “Азаттыктын” журналистти Токтакунов качты. Ал сөздү башкага буруп жатат. “Дебат, маек же ушул сыяктууга чакырган кесиптештер, иштейли. Колуңардан келсе өткөндө Искендер Матраимовду чакыргандай Райымбек Матраимовду эфириңерге алып келгиле. Анан кел десеңер башка кеп. Мен ага суроо бериш үчүн барам”, — деп өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу тайсалдады.

Муну менен Токтакунов көрсөткөн документтерге күмөн саноолор кайра күч алды. Эгерде “Азаттык” жарыялаган материалдар ишенимдүү, далилдүү болгондо Али мырза өзү буга кызыкдар болуп, эртеден-кечке Матраимовдорду каралаган “Апрель” каналынын эфирин бол ушунча пайдаланмак. Бирок, анте албады, дебаттан качты. Демек, ал көрсөткөн документтер жасалма.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: