Menu

Фото – Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев этникалык кыргыздар жашаган Чубук районуна иш сапары менен барды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиевдин этникалык кыргыздар жашаган Анкара шаарына караштуу Чубук районуна иш сапары болуп ѳттү.

Сапардын алкагында, Чубук районунун Мэри Баки Демирбаш жана Акими Угур Сезер менен маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери, анын ичинде Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздарга жардам кѳрсѳтүү маселеси талкууланды.

Чубук районунда жашаган этникалык кыргыздардын кѳпчүлүк бѳлүгүнүн ата-теги Алайдан болгондугун эске алуу менен, ошондой эле ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, тараптар Кыргыз Республикасынын Ош облустуна караштуу Алай району менен Түркия Республикасынын Анкара шаарына караштуу Чубук районунун ортосунда достук жана боордоштук байланыштарды түзүү максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Чубук районунун кѳчѳсүнѳ же болбосо паркына кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун атын ыйгаруу, ошондой эле «Ата Журт» этнокомплексин куруу үчүн жер тилкесин бѳлүп берүү макулдашылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: