Menu

Казакстанда токтотулган поезд жүргүнчүлөрү Ташкентке автобус менен кетишүүдө

Бөлүшүү:

Орусиянын бир нече шаарларынан келе жатып Казакстанда токтотулган поезд жүргүнчүлөрү Ташкентке автобус менен кетишүүдө. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Түркстан облусунун Арыс шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганына байланыштуу бир нече поезд токтотулган. 24-июнда калаадагы аскерий кампадан өрт чыгып, ок-дарылар жарылган. Аймак тургундары шашылыш түрдө көчүрүлгөн. Алардын көбү Шымкент шаарындагы мектептерге жана мечиттерге жайгаштырылган.

Буга чейин Казакстан Ички иштер министрлиги Арыстагы жарылуу басаңдаганын, бирок толук токтой электигин билдирген. Буга байланыштуу өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге жолой албай турушат. 25-июнда казак бийлиги Арыска кайтуу азырынча кооптуу экенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: