Мурда Текебаев менен коюн колтук алышып жүрүп, анан анын башынан ашкан куулугун билгенден кийин оппозицияга өтө качкан Өмүрбек Абдрахманов азыр бакчасын сугарып жүрөт. Туура кылат. Саясатка жарытылуу эч нерсе жасоо колдон келбегенден кийин бак суугарып, элге пайдасын тийгизгени дурус иш. Бир нече гектар жерге италиянын алма сортторун олтургузуп, багбанчылыкка катуу киришкен Өмүкеден башка саясатчылар дагы үлгү алгыдай. Жаштарга орун бошотуп берип, Өмүкеден үлгү алгыла, саясаттан алыс ыргыган экстер дегиң келет, кээ бир креслого жулунгандарды көрүп.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ