Бүгүн, 23-январь күнү вице-спикер Мирлан Бакиров Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарын жаңылып, “Франкфурт жана Майне” деп окуп алды.
Бүгүн Төрага Дастан Жумабековдун туура окуганына кубанып отурсак, ЖКнын жыйынында депутат Мирлан Бакиров 2017-жылдын 18-сентябрында Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган мыйзамды окуп жатып, шаардын аталышын туура эмес окуду.
Муну уккан депуттар күлүп жиберишти.
Франкфурт-на-Майне шаары дагы канча чиновниктин тилин сындырар болду экен?
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ