Menu

Бүгүн КР Каржы полициясы журналист Али Токтакуновго ачык кат менен кайрылды

Бөлүшүү:

КР Каржы полициясы журналист Али Токтакуновго ачык кат менен кайрылат жана өзүнүн иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан ири суммадагы акчаларды чыгарып кетүү боюнча колунда болгон бардык документтерди тергөөгө өткөрүп берүүнү суранат.

“Кыргызстандан 700 млн долларды чыгарып кетүү тууралу” фактыларды сотко чейинки өндүрүштө иликтөөнүн жүрүшүндө, ошондой эле ишти объективдүү изилдөө максатында жана КР Бажы кызматынын экс-төрагасы Р.Матраимовдун аталган акчаларды чыгарып кетүүгө тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн Биринчи май райондук сотунан “Азаттык Медиадан”  жана түздөн-түз кабарчы Али Токтакуновдон бактык документтерди алууга уруксат алынган.

Соттун 2019-жылдын 13-июнундагы документтерди алуу боюнча токтому Каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан “Азаттык Медианын” өкүлүнө тапшырылган.

18-июнда “Азаттык Медиа”  Каржы полициясына 4 миллион долларга гана 8 төлөм документин берген.

Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен журналист Али Токтакунов өз иликтөөсүндө көрсөткөн материалдарды алалбай келебиз.

Видеосюжетте көрсөтүлгөн 200 миллион АКШ долларынан ашык чыгарылып кеткен акчанын негизги документтери – банктык төлөмдөрүнүн түп нускасы тергөөгө берилбей жатат. Ошондуктан бул факт жогоруда айтылган фактыларды иликтөөгө жана чечим кабыл алууга тоскоолдуктарды жаратууда.

Каржы полициясы Али Токтакуновго КР мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй өзүнүн милдеттерин аткарып, тергөөгө жардам берүүнү сурап кайрылат.

Ошол эле учурда биздин кызмат тергөө аракеттерин тынбай жүргүзүп, эбегейсиз көп документтерди  иликтеп жатат жана жакында бул иштин алдын-ала жыйынтыктарын жарыялайт.

КР Каржы полициясы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: