Menu

Дамира Ниязалиева, коомдук ишмер: “Принципиалдуу болгонум үчүн куугунтук жеп, КСДПдан алыстап калгам”

Бөлүшүү:

– Дамира айым, Кыргызстандагы саясый абалга көз кырыңызды салып аткандырсыз, анын ичинде Батукаевдин маселесин дегеним…

– Ооба, саясатчы болгондон кийин баардык кыбыр эткен маселелерге анализ кылып турам. Эне катары өлкөбүздүн баардык жеринде тынч болгону мага жагат. «Ынтымак бар жерде ырыс бар» деп коёт эмеспи. Баардык нерсени ынтымак-ырашкердикте аракет кылып чечсе жакшы эле болот. Мен эми саясатта жандуу катышпагандыктан көшөгө артында кандай иштер болуп атканын мүмкүн билбей аткандырмын. Ар нерседен сабак алууда мүмкүн азыркыдай учур керектир. Эмнеге дегенде бүгүнкү күндө иштеп аткан чиновниктер мындан ары абдан этият болуп калышат. Четинен камакка алынып аткандар 5-6 жыл мурун азыркыдай болуп кетерин ошондо эч ойлобогондур, тереңден ойлонушса бул акыбалга туш келишмек эмес. Эми караңыз, ар бир жетекчи өзүнүн кол алдында иштеген адамга буйрук бергенге акысы бар, моралдык жагынан да укугу бар. Аны аткарбай коюуга мүмкүн эмес. Бирок, ошол учурда кандай аткарды, эгер мыйзам бузуулар болсо «ляппай» дегендин ордуна «мыйзам бузуулар болуп атат» деп айтыш керек болчу.

– Сиз ошондо комиссиянын ичинде элеңиз. Мыйзам бузууларды өзүңүз байкаган эмессизби?

– Комиссия иш учурунда көп эле адамдарды чакырганбыз. Тиягынан, быягынан сурап аябай аракет кылдык. Баары эле бир үндөн «билбейбиз, укпайбыз, көрбөйбүз. Бизге эч ким көрсөтмө берген эмес. Баары нормальный» дешкен. Эми азыр карасаңар баары эле «буюртма берилген» деп атышат. Эгер ошондо азыркыдай айтканда, мындай нерсеге өздөрү туш келишмек эмес эле. Алардын азыркы абалына жүрөгүм ооруп атат.

– Сиз азыр деле КСДПдасызбы же?..

– Бул дагы менин бир жанагы айткан «тынчыраак болсок жакшы болор эле» дегенимдин ичине кирет. Тилекке каршы, партиянын ичинде да ар кандай өйдө-төмөндөр болуп атат. Албетте, КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү болуп турганымда баардык конфликттүү кырдаалды жигин билгизбей, партиядан сыртка чыгарбай жымсалдоо аракетин кылып келгем. Өзүңөр билесиңер, чындыкты бетке айткан, принципиалдуу позициясы бар адамдарды куугунтукка алышкан. Мен да ошолордун арасында болуп калгам. Эртедир-кечтир мени КСДПдан улам алыстатып келишкен болчу. Эми мен кереги жок болсом эмне кылайын, «сүйбөгөнгө сүйкөнбө» дегендей, тынч эле турам. Ал эми сиздин сурооңузга жооп бере турган болсом, партиядан физикалык түрдө чыга элекмин. Азыр партияда эмне болуп атканын билбейм. Баарын эле ары-бери кылып чыгарып атышат. Бул боюнча мага расмий түрдө чыгарып салганын айтыша элек.

– 2020-жылы парламенттик шайлоо келатат. Шайлоого катышасызбы, катышсаңыз ушул эле КСДПдан аттанасызбы?

– Парламенттик шайлоого Кудай буюрса барам, бирок башка партия менен аттанам. Эмнеге дегенде, партиянын жүзү, аброю, дарамети кимге байланган, албетте, партия лидерине. Кандай учурда партия жеңишке жетише алат, албетте, партия лидери күчтүү болсо. Анткен менен башка партиялардан сунуштар түшүп атат. Азырынча чечүү эртелик кылат…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: