Menu

«КСДП, «Бир Бол», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» партияларынын депутаттары сатылма…»

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз иштерди аткаруусуна колдоо көрсөтүп, добуш берген депутаттарга саясый укуктук баа берилиши керекпи? Эмки шайлоого катышууга укуктары барбы? Аларды келтирбөөгө кандай механизм ойлоп тапсак болот? Ушул суроолор менен «кыргыз»деп күйгөн саясат талдоочуларга суроо узаттык?

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

– Атамбаевдин өзүм билемдик доорунун жандоочулары так ошол «КСДП», «Бир Бол», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» партияларынын сатылма депутаттары болгон. Эми ага каршы болумуш болгондуктары бул адамгерчиликке жатпай турган, пендечиликтин эң пас сапаты. Ошолор эле эртең Сооронбай Шариповичти сатышат. Ошондуктаң булардын аты-жөнүн элге ачык жарыя кылып, «саясатка мындан ары аралашууга акысы жок» деген акцияны көтөрүшүбүз керек!

Назгүл Эшеналиева, жарандык активист:

– Атамбаевдин 6 жылдык башкаруусунда кандай гана мыйзамсыз иштер болсо, мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкка канчалык деңгээлде доо кеткени жөнүндө учурунда социалдык тармактарга активдүү пикир калтырып гана жүрбөстөн, Атамбаевдик режимге каршы чыгып, убактылуу кармоочу жайга да отуруп чыккам. Атамбаевдин саясатын колдогон эмесмин жана дагы колдобойм! Бүтүнкү күндө коомчулуктун бүйүрүн кызыткан экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу, жоопко тартуу маселеси катуу көтөрүлүп жатканына байланыштуу, келечекке кайдыгер карабаган ар бир жаран калыс сөзүн айтууга тийиш. Ошол мезгилде Атамбаевдин этегине намаз окуп, «Алмазбек Шаршенович, сиз журт атасысыз, сиз Кыргызстанды болуп көрбөгөндөй өнүгүү жолуна салдыңыз, сиз бизди өстүрдүңүз, сиз бизди такшалттыңыз», ж.б.у.с. сөздөр менен колдоп, кубаттап жүргөн эки жүздүү, кошоматчы саясатчы сөрөйлөрдүн бүгүнкү күндө ал кишиге каршы чыгып жатканы аябагандай уят иш. Мындай эки жүздүү, кошоматчы саясатчылардан тазаланмайын, кыргыз эч качан туура жолду таппайт. Эгер бүгүн Атамбаев жоопко тартылыш керек болсо, ал жалгыз тартылбашы керек.

Биринчи кезекте Атамбаевдин баардык каалоолорун аткарып, мамлекетке каршы көптөгөн келишимдерди бир добуштан колдоп, өткөрүп келген Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары жоопко тартылуусу шарт. Экинчи кезекте, мамлекеттеги эң жооптуу делген кызматтагы жетекчилер жоопко тартылуусу керек. Ошондо гана адилеттүүлүк болот. Атамбаевдин учурундагы саясый куугунтуктардын бүгүнкү күнгө чейин акталбай жатканы, кеткен бийлик менен келген бийликтин айырмасы жоктугунун белгиси. Кыргызстанда ушул мезгилге чейин коррупция менен чыныгы күрөш боло элек, тек гана оппоненттер менен күрөш уланууда. Укук коргоо органдары бир адамга кызмат кылууну токтотуулары керек, качан мыйзамга кызмат кылышканда гана өлкөдө мыйзамдуулук, адилеттүүлүк орнойт. Келерки парламенттик шайлоодо чыныгы эл өкүлдөрүн шайлоо үчүн элимди эрктүүлүккө чакырам. Бүгүнкү парламенттеги эл душмандарынын шайлоого катышууга моралдык да, юридикалык да укуктары калбады!

Адил Турдукулов, «Сөз эркиндигин коргоо комитетинин» жетекчиси:

– Сөзсүз түрдө алардын иштери мыйзамсыз. Алар өздөрү да түшүнүп турушса керек. Анткени өздөрүнүн кандайдыр бир кызыкчылыктары бар сыяктуу. Азыр болбосо да кийинчерээк алар мыйзам алдында жооп берет. Анткени аларга коюлган айыптар саясый негиз болушу мүмкүн. Укуктук негиз жок. Ошондуктан алардын иши мыйзамсыз, анан Конституцияга дал келбейт. Эми аларды кайра шайлоого катыштыруу-катыштырбоо шайлоочуларга байланыштуу. Алардын тизмеси кирген партияларды эл шайлабаса, албетте, шайлоого келе алышпайт. Баары шайлоочулардын колунда.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: