Menu

Коңшу өлкөлөрдүн лидерлери кандай жолдо кетүүдө?

Бөлүшүү:

Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери бир кылка мүнөздөгү адамдар эмес. Алардын жүргүзгөн саясаттарына, аракеттерине жана эл башкаруудагы өзгөчөлүктөрүнө азыноолак токтололу. Бизге жакшысы жукса, ал эми жат көрүнүшүнөн алыс болсок.

Шавкат Мирзиёев

Бүгүнкү күндө өзбек лидери тышкы саясатын чындоодо жана экономикалык секириктерди жасоодо алдыга озду. Ал бийликке келгенде кыянаттык күчтөр тоскоолдук кыла алган жок. Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин такка отурган Мирзиёевге бир чети мамлекетти алдыга жылдырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр болду. Башта өлкө байлыгы таланып-тонолгон эмес, коррупционерлер кынга кирип турган мезгил болчу. Мирзиёев бийликке келгени саясый куугунтуктарды тездикте эркиндикке чыгарып, ошого катар тышкы саясаттагы карым-катыштарын жогорку деңгээлде чыңдай алды. Кытай, Россия жана Батыш өлкөлөрүнөн миллиарддаган жашылбайларды чапчыган инвестиция, гранттарды тартууга жетишти. Эл башкаруучу катары зирек, реформатор катары Өзбекстанда көп өзгөрүүлөрдү жасоого батыл киришти. Ташкентти коопсуз шаар катары алдыга чыгара алды.

Эмомали Рахмон

Тажиктердин колбашчысы чейрек кылымдан бери ат үстүнөн түшө элек. Каримов менен Назарбаевден кийинки диктатор катары ЖМКларда жазылып келет. Эмомали Рахмон бийлик бутактарына уул-кыздарын көтөргөнү, маанилүү кызматтарды ыроологону менен сынга кабылып келет. Элинин социалдык турмушу эмитен гана оңолуп келатканы, экономикалык абалы орто деңгээлде экени маалым. Бирок, Тажикстанда суу ресурстары; кен байлыктары жана айыл чарба иштери жолго коюлуп, соңку мезгилдерде экспорттун тилин таба башташканы ырас. Бирок, эл аралык өнүгүүдө диктатура, бир үй-бүлөнүн узак башкаруусу жемишин анчейин бербей турганын көп мисалдар менен байланыштырсак болот. Башка өңүттөн алганда, Рахмондун бийлигине ички нааразычылыктардан сырткары терроризм, экстремизм коркунучтары бар.

Гурбангулы Бердымухамедов

Жөнөкөй тил менен айтканда, тагдырдын эрке баласындай президент. Аргымак чабат, ырдайт, спорт менен машыгып, тоо-таштан жолтандабас айдап, кааласа ок атат, айтор, мамлекетти башкаруудан сырткары көптөгөн өнөрлөргө ээ. Кол астындагы кызматкерлер ушунчалык жүгүнүп, кол бергендери да өзгөчө, кулдук урган сыңарындай. Ал Түркмөнстанда тартипти темирдей кармайт, мыйзамдары катаал. Кен байлыктарга бай өлкө болгону менен эбегейсиз гулдөп-өнүгүп, коңшуларды суктандыра элек. Карапайым эли байып кеткени байкалбайт. Башка лидерлерге салыштырмалуу президенттик доорду Бердымухамедов өзгөчө сүрүүдө. Ошончолук эйфорияга батып кетип, өлкө коопсуздугуна анчейин көңүл бурбаганы, кала берсе, аз жылдар мурун террористтер Түркмөнстанга кол салгаңда, душмандардын мизин дароо майтара албаган аскерлери да сындалып чыккан. Бирок, өз элин зиркирете бийлеп турат.

Касым-Жоомарт Токаев

Касым-Жоомарт Токаев Нурсултан Назарбаевдин мураскери катары бийлик башына келгени жагымсыз көрүнүштөр башталды. Президенттик шайлоодо миңдеген адамдар көчөгө чыгышып, эски бийликтин баштоочусуна акаарат келтирген сөздөрдү аянбай айтышты. Казак эли чоң дүрбөлөң салууга батына алышпаса да, элдин көпчүлүк катмарында нааразычылыктар бар экени ЖМКларда, интернет булактарда жазылып атты. Анан калса аз күн мурда Казакстанда курал-жарак сактаган объектиде чоң жарылуу болуп, жүздөгөн адамдар жабыркашып, өлгөндөр да болгону кабарланды. Жаңы бийликке келип аткан президент үчүн мындай окуялар оң төлгө катары түшөбү? Байкоочулар негизи арсар абалда калышты. Дагы бир жагы, Токаев өз алдынча бийлигин жүргүзө албасы, ал Назарбаевдин жетегиндеги президент катары бааланууда.

Сакен Бөрүбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: