Бүгүн, 30-июнда президенттин экс-кеңешчиси Айбек Азыранкулов Алмаз Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келип, аны менен чогуу Атамбаевдин тарапкерлеринин алдына чыгышты.
“Мына, Ак үйдөн да бизге келип кошулуп жатышат, Жээнбековдун кеңешчиси Айбек да бүгүн бизге келип кошулду. Демек чындык биз тарапта экенин түшүнүп жатышат. Убагында мен Айбекти таарынытып койгонума карабай ал бизге келип кошулуп жатат”, – деп кубанды Алмаз Атамбаев тарапкерлеринин алдында.
“Мен быйыл апрель айында эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары кызматтан кетүү боюнча арыз жазып кетип калгамын. Азыр элдин баары Атамбаевди колдоп жатканын көрүп, мен да келдим”, – деп билдирди Айбек Азыранкулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ