“Мыкты манасчы” сынагынын жеңүүчүлөрү:
1 – орун Канат уулу Жанат – 50 000 сом, 2 – орун Талантбеков Нурбек жана Кубанычбеков Гүльжигит – 30 000 сом, ал эми, 3 –орунду Муса уулу Төлөбек жана Билашев Улукбек – 20 000 сом менен сыйланышты.
Эске салсак, манасчылар арасындагы сынакка жалпы 14 манасчы катышкан. “Мыкты манасчы” кароо-сынагы 2019-жылдын 27-28-июнь күндɵрү Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн.
Бул сынак чыгармачылыктын кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү, адамзаттын маданий баалулуктарын аздектеп өркүндөтүү, эл аралык руханий, маданий шериктештикти кеңейтүү аркылуу улуттун өзүн-өзү таанусун бекемдөө, туруктуу коомдук чөйрөнүн болушун камсыздоо үчүн шарт түзүп берүү жана дүйнөлүк деңгээлде эпикалык мурасты жайылтуу жана актуалдаштыруу максатында өткөрүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ