Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Чабал болбой иште!”

Бөлүшүү:

28-июнда президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, учурдагы жыйынтыктар, өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чаралар, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыкта бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, ошондой эле пенсияларды жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыларын көбөйтүүнүн көлөмдөрү жана мөөнөттөрүн талкуулады. Президент Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. «Казынанын киреше бөлүгүн толук эмес аткарган мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек», — деп баса белгиледи Президент. Бул жолугушууда президент өкмөт башчыга “чабал болбой, алгылыктуу иштерди аткарып чечкиндүү кадамдарга бар, качанкыга чейин “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” коргойм. Парламенттен дагы отчетунду өткөрүүгө өбөлгө түзүп бердим, башка эмне керек? Мейли, бир жылдан бери үйрөнсүн, иштин көзүн тапсын деп келдим, мындан кийин дагы ишти жылдыра албасаң, кызматтан кетүүгө аргасыз болосуң” дегендей эскертүү болуптур…

Албетте, учурда өлкө бюджетин толтуруучу тармак болгон Бажы, Салык кызматтары баш болгон жана Каржы полициясы төш болгон мамлекеттик органдар толук кандуу натыйжа көрсөтө албай жатканы баарына маалым. Буга чейин бажыдан күнүнө өлкөгө 300-400 жүк ташуучу унаа кирсе, бүгүнкү күндө 10 чакты гана жүк ташуучу унаалар кирип жатыптыр. Ушундай эле окуя Кыргыз темир жолунда да орун алып, сырттан кирген-чыккан товарлардын көлөмү кыйла азайып кетиптир. Андыктан Өкмөт башчы бул жаатта чечкиндүү кадамдарга барып, өлкө бюджетине түшүп жаткан каражатты сол чөнтөккө буруп кеткен Бажы кызматынын, Салык кызматынын жана Каржы полициясынын жетекчилерин кызматтан алып бир силкинип албаса, абал чатак… Эгер өкмөт башчы алгылыктуу реформага барып, экономикалык көрсөткүчтү жогору көтөрө албаса, анда президентти жер каратпай өз эрки менен эле отставкага кетип калганы дурус… “Убакыт учкан куш” – демекчи, ар-бир секунд текке кетпеши керек! Айрым маалыматтарга кулак төшөсөк, жакынкы күндөрү өлкөдө кескин өзгөрүүлөр орун алаарын эшиттик. Алсак, карапайым калктын маанайын басаңдатуу үчүн, өлкөдөгү олку-солку абалды бир нукка салуу үчүн жана коррупция менен күрөштү күчөтүү багытында жогорудагы алешемдиктердин орун алуусуна себепкер делген Раимбек Матраимов боюнча тиешелүү чаралар көрүлөөрү каңкууланууда. Аны менен кошо Кара-Суу районунун акими, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген бир тууганы Тилек Матраимов дагы кызматынан алынаары айтылууда. Андыктан, жогорудагы божомолодор чындыкка дал келип, президент чечкиндүү кадамдарга бара турган болсо, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан “негативдерге” чекит коюлаары турган иш…

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: