Menu

Чоң муштум мэр, сабап коёт тийишсеңер

Бөлүшүү:

2-июлдан 3-июлга караган түнү Жалал-Абад шаарынын мэринин туугандарына таандык “Тагай бий” мончосунан шаар мэри Мураталы Тагаев жергиликтүү тургунду төпөштөп койду деген кабар желдей тарады. Маалыматка ылайык жабырлануучу ошол эле түнү ооруканага кайрылып: Ага «башынан жараат алган, мээси чайкалган, мурдунун сөөгү сынган, моюнда жана бетте көгала тактар бар» деген диагноз коюлган». Андан тышкары жабырлануучунун укук коргоо органдарына жазган арызы да белгилүү болду. Мындай чоң муштум жетекчилерди тартипке чакырып же бир чара көрүлөбү? Же эмне колунан келсе эле койдой сабап басып кете беришеби? Мэрдин бул кылыгы биринчиси же акыркысы эмес. Дегенибиз ушул эле жылдын май айларында журналисттерди сөгүп, шаардагы жасалып жаткан иштер жакшы чагылдырылбай жатканын айткан аудиосу тараган. Андан тышкары мэрдин үстүнөн «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен жыл башында козголгон дагы бир ишти учурда УКМКнын облустук башкармалыгы териштирип жатат. Эске сала кетсек былтыр декабрда Жалал-Абад шаарынын 72 жаштагы тургуну Урниса Тудиева мэрден өз иш бөлмөсүндө ыдык көргөнүн билдирип, прокуратурага кайрылган.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: