Menu

Конгантиев “аппакпы”

Бөлүшүү:

Экс-ИИМ министри Молдомуса Конгантиев 2010-жылы ыңкылаптан кийин Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренеси боюнча айыпталган болчу. Анда КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу», «Шалаакылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок биринчи Май райондук соту мурдагы министр Молдомуса Конгантиевди бардык айыптоолор боюнча далил табылбагандыктан, кылмыш курамы жок, күнөөсүз деп актап койду. Сот отуруму учурунда мамлекеттик айыптоочу экс-министрди алты жылга эркинен ажыратууну, 100 миң сом айып салууну, о.э. эки жыл бою эч бир кызматка барбасын деп сураган эле. Бирок сот прокурордун айыптоосун четке кагып, Конгантиевди күнөөсүз деп таап, сыртка чыкпоо жана мүлкү камакта турсун деген чечимди жокко чыгарды.

2018-жылы тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан УКМК «Конгантиев 2010-жылы кандуу апрель окуяларына күнөөлүү эмес» деген негизде анын кылмыш ишин кыскарткан. Кийин Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага Конгантиевдин ишин карап чыгып, ишти кайра кароону тапшырган болчу. Кайра кароонун жыйынтыгы эч нерсе таппай Конгантиевди “апакай” деп тапты.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: