Menu

“Коопсуз шаардан” түшкөн айыппулга “Тез жардам” машинелери сатып алынат

Бөлүшүү:

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айыппулдун бир бөлүгү «Тез жардам» кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 9-июлда кол койду.

Бул күнү «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомго өзгөртүүлөр киргизилгенин өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди:

– Документке ылайык, кызыкчылыгы бар тараптардын бардыгына акча бөлүштүрүлгөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50% Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, «Тез жардам» автоунааларын алууга, жаңы станцияларды ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдуу сатып алууга сарпталат.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.​ Долбоордун алкагында жол эрежесин бузгандарга айыппулдар көтөрүлгөн.​

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: