7-июль күнү эрте менен Түркиянын Аланя шаарында жумушуна шашып бараткан 23 жаштагы М.И. аттуу кыргыз жигитти тапанча менен атып өлтүрүп, качып кетишкен кылмышка шектүү 3 адамды полиция 8-июлда колго түшүрдү. Бул тууралу haberler маалымат агенттиги жазып чыкты.
Колго түшкөндөрдүн бири, 40 жаштагы А.Ы. аттуу жаранга “адам өлтүрүү”, “каракчылык” беренелери менен айып тагылып, камакка алынды.
Ал эми С.К. и П.С. аттуу жарандар полициянын көзөмөлүндө турган үй камагына чыгарылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, бул кылмыштан көзү өткөн 23 жаштагы кыргыз жараны М.И. мындан 6 ай мурун эле үйлөнүп, жакында эле келинчеги экөөсү Түркиядагы мейманканалардын биринде иштеп, акча таап келүү үчүн Аланьяга кетишкен. Каргашалуу 7-июль күнү ал шашып мейманканадагы жумушуна бараткан.
https://www.dailymotion.com/video/x7csvqs
Видео: haberler
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ