Menu

Атамбаев “Коррупционер болсо президент да түрмөдө отуруш керек” деген сөзүн унуттубу?

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы декабрь айында президенттик ишке киришип, бир айдан кийин жалпы республика боюнча масштабдуу соттук реформа башталарын жар салган. Дароо сот системасын реформалоо комиссиясын түзүп, аны ишке ашырууга АКШ, ЮСАИД жана IDLO эл аралык укукту өнүктүрүү уюму дилгирлигин билдирген. Атамбаев: «Жыл аягына чейин соттук системаны координалдуу реформалашыбыз керек. Адилеттүү сот система түзмөйүн чыныгы демократиялуу мамлекетти түптөй албайбыз» деген. Жылдар зымырап куштай учту, реформа жүргөн жок. 2014-жылы Атамбаев: «Эгер биз адилеттүү сотторду кааласак Конституцияга өзгөртүү киргизишибиз керек» деген демилге көтөрүп, 2016-жылы 11-декабрда референдум менен өзгөрттү. Кызматтан кетеринде реформа ишке ашканын жар салды. Кызыгы, эми сотко барбай, чакырууларга келбей жатат. «Соттор жогор жакка көз каранды» дейт. Чамасы, Атамбаев президент болуп шайланганда: «Эгер коррупционер болсо президент да түрмөдө отуруш керек» деген сөзүн унуткан окшойт.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: