Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы жаңы Калкты тейлөө борборуна барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда Ош шаарында жаңы Калкты тейлөө борбору — 2ге  барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (ММК) төрагасы Алмаз Мамбетов  Калкты тейлөө борбору Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ачылып жатканы жөнүндө Мамлекет башчысына маалымат берди.

Анын иши жаңы форматта жүргүзүлөт, бул жерде паспорт берүү кызматы жана жарандык актыларды каттоо боюнча жарым-жартылай кызмат көрсөтүлөт.

Ош шаарындагы Калкты тейлөө борбору -2  имаратынын аянты 300 м² жакын, күнүнө миңге чейин адамды тейлей алат. Белгилеп кетчү жагдай, мындагы бардык кызматтар автоматташтырылган режимде көрсөтүлөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов ушундай эле жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору   жакында Баткен облусунда ачылганын эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков  жаңы борбордун ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бир кыйла жеңилдетип, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин канааттануу менен белгиледи.

Ал калктын суроо-талаптары менен иштөөдө максималдуу ыкчамдыкты жана ачыктыкты камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөдө санариптик трансформациялоонун алкагында мурда белгиленген мөөнөттөгү бардык пландаштырылган иш-чараларды тездетүүнүн жана аяктоонун маанилүү экенин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: