Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубан Өмүралиевдин бир тууган кайниси Айбек Омокеев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралу биздин жеке булактар кабарлады.
Италияда 5000 кыргыз эмгек миграттары жашагандыктан алардын атынан кыргыз бийлигине Италияда элчилик ачуу суранычы байма-бай келип турчу. Муну эске алган кыргыз бийлиги Италияда Кыргыз Республикасынын элчилигин ачуу чечимин кабыл алган. Элчиликти ачууну уюштуруу үчүн КР ТИМинин статс-катчысы Айбек Омокеев кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын Италиядагы ишенимдүү өкүлү болуп дайындалды, Элчилик ачылганга чейин ушул статусту аркалаган Айбек Омокеев дипломатиялык чөйрөдө толук укуктуу элчидей эле ыйгарым укуктарга ээ. Элчилик ачылгандан кийин ал КРнын Италиядагы элчиси кызматына өтөрү белгиленди.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ