Menu

КСДП: Кыргызстандын элине Кокон хандыгынын орто кылымдык ыкмаларын таңуулоого умтулуу ачык көрүнүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын Саясый кеңеши Президент С. Ш. Жээнбековду жана анын чөйрөсүндөгүлөр тескеп жаткан сотторго, күч түзүмдөрүнө алардын коомдо баштап жаткан коркунучтуу тенденциялары туурасында дагы бир жолу эскертет.

Кыргызстандын элине Кокон хандыгынын орто кылымдык ыкмаларын таңуулоого умтулуу ачык көрүнүүдө. Президент С. Ш. Жээнбеков жана анын чөйрөсү тарабынан саясый куугунтукка алуулар коомду бөлүп жаруу боюнча таптакыр акылга сыйгыс жана коркунучтуу иш-аракеттердин фазасына өттү.

Кыргызстандын эли С.Ш. Жээнбековдон коомчулукта коррупциянын эң чуулгандуу символу деп аталган аты таанымал «Райим -миллионго» карата чара кабыл алуусун чыдамсыздык менен күтүп жатат. Бирок адамдар иш жүзүндө аны Президент ачыктан ачык калкалап жатканын көрүшүүдө. Матраимов Р.И. бажыны тымызын башкарууну улантууда, эң таасирдүү маалымат каражаттарын колго алууда, алтургай, өлкөнүн экс-президентин ачык коркутуп-үркүтүүдө.

Р.И. Матраимовдун Кыргызстандын Өкмөтүн сотто бетпактык менен утуп жаткан фонунда С.Ш. Жээнбеков тарабынан кеңири рекламалаштырылган коррупция менен күрөшүү боюнча соттук биринчи чечим чыкты. Укук коргоо жана сот органдарынын эрки менен мамлекетке да, жарандарга да эч кандай материалдык зыян келтирбеген адам №1 «коорупционер» болуп табылды.   

Полковник Д.С. Мусакевдин болгон күнөөсү экс-президент А.Ш. Атамбаевди сатпаганы жана КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү экендиги. Пенсияга чыккандан кийин да экс-президенттин коопсуздугун ак ниети менен камсыз кылып келгендиги. Чагымдарды ишке ашырууга жол бербегендиги. А.Ш. Атамбаевдин кабинетине тыңшоочу жабдууларды орнотуу аракетине бөгөт койгондугу.  

Айыптоо жана сот Д.С. Мусакеевдин иш-аракеттеринен улам келтирилген эч кандай зыянды тапкан жок, анткени кеп батирлерди менчиктештирүү эмес, кызматтык турак –жайды МККнын кызматкерлерине убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө гана жүргөн. Сот жабырлануучу деп эсептеген кызматкерлер баары бир кызматтык батирге ээ болушкан, бирок кечирек алышкан.

Айыптоо кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө Д.С. Мусакеев тарабынан керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн эч кандай далилдерди тапкан жок. Батирлерди алгандардын эч кимиси Д. С. Мусакеевдин тууганы болуп чыккан эмес. Батирлерди бөлүп берүү жөнүндөгү чечим турак-жай боюнча атайын комиссия тарабынан кабыл алынган жана Д.С. Мусакеев анын курамына кирген эмес.  

Батирлердин баары кызматтык бойдон калган, аларды эч ким менчиктештирип алган эмес, батирлерде МККнын азыркы кызматкерлери жашап жатышат. Бирок буга карабай, сот толугу менен прокуратуранын жетегине жүрүп, биздин жолдошубузду эркинен ажыратуу түрүндөгү жазалоону дайындады.  

Бишкек ЖЭБ боюнча, борбор калаанын мурдакы мэрлерин саясый куугунтуктоо боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүлөрдө да ушундай эле ойдон чыгарылган нерселер байкалууда. Сапар Исаковдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин жана башка соттолуучулардын күнөөлүү экенине толук бойдон далилдер жок болуп турса да, Президент С.Ш. Жээнбековдун чөйрөсү коомчулуктун бул өзгөчө чуулгандуу сот процесстерин ачык көрсөтүү жөнүндөгү талабына көшөрүп каршы болууда.

Коррупция менен күрөштүн кадырын кетирбөө керек. «Өз адамдарды» калкалоого болбойт жана бүткүл күрөштү жеке эсептешүүлөргө жана саясый атаандаштарды жок кылууга айлантпоо керек. Бирок биз реалдуу турмушта дал ушуну көрүп турабыз. Эмне үчүн С.Ш. Жээнбековдун тушунда экс-президент А.Ш. Атамбаевдин гана тарапташтары башкы «коррупционерлер» болуп чыга келишти? Эмне үчүн Президент таптакыр унчукпайт жана өзүнүн айланасындагы коррупциянын фактыларына түшүндүрмө бербейт? Акыркы күндөрү бул чөйрөнүн ичинде да ички «териштирүүлөр» болуп жатканы туурасындагы фактылар коомчулукка жетүүдө. Өкмөт боюнча, Мегаком ж.б. боюнча чуулгандар чыгууда. Эмне үчүн С.Ш. Жээнбековдун тушунда мурда коррупциянын жана кызматтык кыянатчылыктын символдору деп эсептелген А.К. Келдибеков, А.Ү. Жапаров ж. б. адамдар күтүлбөгөн жерден бийликке жакын болуп чыга келишти?      

Биз эртедир кечтир акыйкат салтанат кураарын эскерткибиз келет, ошондо мыйзамсыз репрессиялардын уюштуруучулары да, алардын түздөн түз аткаруучулары да кылмыш жообуна тартылат. Кыргызстандын тарыхында мындай учурлар болгон жана мындан кийин да так ошондой болот.

С.Ш. Жээнбековдун коррупцияга каршы жалган «күрөшү», анын айрым адамдарды калкалаган ачыктан ачык тандалмалуулугу, ошондой эле күч түзүмдөрү тарабынан мыйзамсыздык маанайынын түзүлүп жатышы бийликтин кадырын гана кетирбей, өлкөнүн өнүгүүсүн да олуттуу артка тартат. Маңызында мындай кырдаал мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу системасын, жалпысынан алганда, мамлекеттик башкарууну шал абалга кептеди. Бирок эң башкысы, бийликтин мындай иш-аракеттери Кыргызстандын элинин биримдигине олуттуу зыян келтирүүдө.    

КСДПнын Саясый кеңеши Президент өзүнүн конституциялык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарышы керек деп эсептейт жана ал көзөмөлүндөгү курамдардын коомду бөлүп-жарып жаткан мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотууга тийиш.  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: