Menu

Сургут-Хожент багытындагы учак авариялык түрдө конду

Бөлүшүү:

Сургуттан Хожентке учуп чыккан «ЮТэйр» компаниясынын учагы  авариялык түрдө кайрадан Сургут аэропортуна конду.

Сургут аэропортунун жетекчилиги «ЮТэйр» компаниясынын «Боинг 737» учагы ийгиликтүү түрдө конгонун, борттогу 136 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү аман-эсен экенин билдирди.

Жүргүнчүлөрдү Хожент шаарына жеткирүү үчүн башка учак дайындалды.

«ЮТэйр» авиакомпаниясынын учагы 25-майда Москва убактысы боюнча 16:45те Сургуттан Тажикстандын Хожент шаарына учуп чыккан. Бирок бир нече мүнөттөн кийин кайра конууга уруксат сураган жана коопсуз конуу үчүн майды түгөтүү максатында асманда үч саат бою айланып жүргөн. Жүргүнчүлөрдүн көбү тажик мигранттары болгон.

«ЮТэйр» авиакомпаниясынын өкүлү учакты башкаруу системасында маселе жаралганын кабарлады. Маалыматтарга караганда, «Боинг 737» учагындагы мындай кырдаал 2018-жылы Индонезия жана 2019-жылы Аддис-Абебададагы авиакырсык учурунда кайталанган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: