Кечээ, 18-сентябрда Парламент жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров КР генералдык прокурорунун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевге: “Силердин маалымат боюнча 131 кыйноо боюнча факт, 5 кылмыш иши, 1 иш сотко кетиптир, 1 иш токтотулуптур, 2 тергелүүдө экен. Ошол кылмыш ишине күнөөлүү адамдар акталыптыр. Эгерде логикага таянсак 2018-жылы эч кандай кыйноо болбоптур”- деп тактоо суроолорун узатты.
Анда Нурлан Дүйшөмбиев 9 кылмыш иши боюнча 15 адам кармалганын, бирок канчасы соттолгонун билбестигин айтты.
Тынчтык Шайназаров: “Маалыматтарга таянсак кылмыш иштердин 96 пайызы кайтарылат экен да”- деп алган жообуна канааттанган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ