Бүгүн, 18-сентябрда “Бизнес Азия” борборунда Адахан Мадумаровдун кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча уюштурган пресс-конференциясы болуп өттү.
Конференциянын жүрүшүндө “Некст тв” телеканалынын журналисти А. Мадумаровго: “Эмнеге тарапташтарыңыз жооп берип жатат? Андай болсо бул жыйыныңызды Баткенге же өзүңүздүн кабинетиңизде өткөрбөйсүзбү, эмнеге маалымат жыйынга аралаштырып жатасыз?”- деген нааразычылыгын билдирди.
Ошол маалда Адахан Мадумаровдун тарапташы аны эшикке сүйрөп кетти.
Дагы бир тарапташы журналисттерди жана катышуучуларды бир нече мүнөткө чейин чыгарбай эшикти тосуп турду.
Андан кийин “Некст тв” телеканалынын журналисти менен “Элдик медиа” сайтынын журналистинин ортосунда пикир келишпестик пайда болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ