Menu

Эмне үчүн премьер Игорь Чудиновдун 2009-жылдагы тоо-кен тармагын талкалаган токтомун 2010-жылдан кийинки жаңы бийликтин премьерлери Атамбаев, Сариевдер өзгөрткөн эмес?

Бөлүшүү:

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралында 41-буйругу менен бекитилген конкурстун шартынын 7-пунктунда Жерүйдүн баланстагы алтын запасы 80 тонна болгон. 2016-жылы 88 тоннага өскөн.

Эми ошол өскөн 8 тонна алтындын дүйнөлүк рыноктогу азыркы баасы 400 млн. доллар, ал эми Жерүйгө ээ болуп калган Россиялык “Альянс Алтын” ЖЧК кыргыз бюджетине болгону 600 миңге жакын доллар бонус төлөшкөн. Бул эмне деген мамлекетке болгон чыккынчылык? Ушинтип биздин алтын кендерибиз тонолуп жатат!

Бул премьер-министр Игорь Чудинов 2009-жылы 25-июнда кол койгон №410-тоо-кен тармагын талкалаган токтомдун негизинде эсептелген.

Эмне үчүн 2010-жылдан кийин келген жаңы бийликтин премьерлери өздөрү жамандап жүргөн эски бийликтин токтомдорун өзгөртпөй, кымырып пайдаланып келет? Анда булардын эскилерден айрымасы кайсы?

Эмне үчүн азыркы Кыргыз өкмөтү бул токтомду өзгөртпөйт? Эмне үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени көтөрүшпөйт? Эмне үчүн коомчулук унчукпайт? Кооз сүйлөгөндөн эч нерсе өзгөрбөйт! Кооз сүйлөбөй туруп деле Кыргыз Мамлекетинин кызыкчылыгын коргой турган мыйзамдарды, токтомдорду кабыл алганда гана өзгөрүү болот!

Мисалы: эгерде дагы чалгындоонун негизинде 80 тонна алтын кени (баасы 4млрд. доллар) табылып, баланска койулса кыргыз мамлекетинин бюджетине болгону 6 млн. доллар гана төлөнөт.

Токтомдо көрсөтүлгөндөй 1 тонна алтынга (азыркы баасы 50 млн. доллар) болгону 60 миң доллар бонус төлөйт деген норма бул эмне деген чыккынчылык? Бул эмне деген мамлекетти тоноо? Бул эмне деген Кыргыз элин шылдыңдоо?

Тезинен бул токтом жокко чыгарылып, Кыргыз Мамлекетинин кызыкчылыгын коргой турган мыйзамдар, токтомдор кабыл алынышы керек! Болбосо Кыргыз эли болгон кен-байлыктарыбызды чет мамлекеттик компанияларга ит бекер тонотобуз!

Айбек Бусурманкулов, Жерүй алтын кени боюнча элдик комиссиянын төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: