Menu

ДССУ Кыргызстанга $500 миңге дарыгерлердин жеке коргонуу каражаттарын сатып берди

Бөлүшүү:

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине жеке коргонуу каражаттарды берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 46,200 коргонуучу калкан, 14,600 көз айнек, 57000 халат, 150,000 KN95 респиратору өткөрүлүп берилди. Гуманитардык жардамдын жалпы баасы 508 миң 78 долларды түзөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилегендей, жеке коргонуучу каражаттар медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жана натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылат. Коргонуучу каражаттар өкмөттүн өтүнмөсү боюнча берилген.

Буга чейин ДССУ Кыргызстанга жеке коргонуу каражаттарын, ПЦР-тесттерди, үлгүлөрдү чогултууга жана тест алуу үчүн лабораториялык чыгым материалдарын (пробиркалар, тампондор, топтомдорду, реагенттерди ж.б.) өткөрүп берген.

Ведомстводон билдиргендей, уюм лабораторияларды, баштапкы саламаттыкты сактоо уюмдарын, ооруканаларды жана коомдук саламаттыкты сактоо адистерин камтыган медициналык кызматкерлер үчүн он-лайн тренингдерди өткөрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: