Ашхабадда тамак-аш тартыштыгы күч алып турган маалда, дүкөн текчелеринде мөөнөтү өтүп кеткен товарлар пайда болду.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме жасап билдиргендей, көбүнчө сүт жана колбаса азыктарынын мөөнөтү өтүп кетүүдө. “Эски быштак, кефир, каймактарды сатышууда. Жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткенин кардарларга айтышпайт”, –деди ашхабаддык тургундардын бири.
Бул арада айрым азык-түлүктөрдүн жарамдуулук мөөнөтү жок сатышууда.
Түркмөнстанда 2017-жылдын декабрь айынан тарта ун тартыштыгы жаралып, тамак-аш кымбаттады. Анын ичинде нан жана сүт азыктарынын наркы 100% өстү.
Түркмөн бийлиги азык-түлүк каатчылыгын расмий түрдө моюнга алган жок. Тескерисинче, түркмөн медиасы өлкө байгерчиликте жашап жатканын даңазалоодо.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ