Menu

Эркинбек Чодуев, Айыл чарба министри: “2018-жылдагы картошка маселеси бүгүнкү күнгө чейин таасирин тийгизип жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында жазгы-талаа жумуштарына даярдык боюнча маалымат угулуп жатат.

Жыйында депутат  Бакирдин Субанбеков Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевге кайрылып: “Сиз баяндамаңызда “кант кызылчасынын жана картошканын айдоо аянттары жыл сайын азайып жатат” деп. Алардын ордуна эмне себилет жана айдоо аянттары эмне себептен азайып жатат?” – деп суроо салды.

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев 2018-жылы болгон картошкага байланыштуу маселе азыркыга чейин таасирин тийгизип жатканын айтты.

Ал Кыргызстан боюнча былтыр 79 миң гектарга картошка айдалып, 1 миллион 500 миң тонна картошка алынганын айтты. Баасы бир аз төмөн болгону менен 2018-жылга салыштырмалуу жакшы болгонун белгиледи.

“Бирок негедир азыр 8 миң гектарга азайып, бүгүнкү күндө 71 миң гектарга картошка себилип жатат. Биз, кайра иштетүү болмоюнча, бул маселе кала берет деп жатабыз” – деди министр.

Министр кан кызылчасы боюнча эки завод агрегатор катары иштеп жатканын айтты.

“Кумшекердин дүйнөлүк абалы боюнча кайра иштетүү болуп жатат. Быйыл Россияда беш жүз миң тоннага чейин ашык кумшекер өндүрүлгөн. Ушуга байланыштуу биздеги эки заводдун дагы абалы оор. Кант кызылчасы былтыркыга караганда миң гектарга азыраак себилиши күтүлүүдө” – деп билдирди айыл чарба министри.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: