Бүгүн, 11-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынын иш аракети менен Ош облусунун Өзгөн районунда калкты тейлөө борбору ачылды.
Мамкаттоонун төрага орун басары Урмат Кожомбердиев белгилегендей, мындай жакшы саамалыктар президенттин 2019-жылды “аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялоонун алкагында ишке ашууда. Бул борбор Өзгөн жана Кара Кулжа эли үчүн паспорт, күбөлүк алууда, машинелерин каттого коюуда зор мүмкүнчүлүк түзөт.
Ишчарага Ош облус губернаторунун орун басары Ахматжан Махаммадов, Өзгөн районунун акими Бакытбек Алайчиев баштаган жоон топ жетекчилер катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ