Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин иштери, чет өлкөдө жашаган мекендештер, эл аралык гуманитрадык кызматташтык боюнча Федералдык агенттик жана Москва физикалык-техникалык институту 9-11-класстарда окуган кыргызстандык окуучуларды жыл сайын өтүүчү Phystech International олимпиадасына катышууга чакырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине Бишкек шаарындагы Россия илим жана маданият борборунан билдиришкенин бүгүн, 16-ноябрда КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Аталган олимпиада Россия Федерациясынын сыртындагы чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн өткөрүлөт. Олимпиаданын максаты – окуучулардын профилдик дисциплиналарды терең үйрөнүүгө жана Россияда жогорку билим алууга кызыгуусун арттыруу.
Каалоочулар олимпиадага дароо эки же үч предметтен катышса болот: математика, физика жана биология.
Олимпиада эки этапта өтөт – онлайн жана финал. Финалдык этап бир убакта бир канча өлкөдө онлайн форматта өтөт.
Призерлор жана жеңүүчүлөр индивидуалдык упайларга ээ болушат. Ал упайлар Россия Федерациясынын Москва физика-математикалык институтуна тапшырууда жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн квотасынын алкагында мамлекеттик каржылоо алууда эске алынат.
Олимпиадага катышуу үчүн окуучулар https://phystech.international сайтында каттоодон өтүп, 2020-жылдын 29-ноябрына чейин тандоо этабынан өтүшү керек. Финалдык этап 2020-жылдын 5-6-декабрында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ