Кыргызстан Кытайдын улуттук азчылыкка карата саясатын колдогон өлкөлөрдүн катарына кошулган жок.
Белгилей кетсек, 37 өлкө Кытайдын Синьцзян автономдук аймагында улуттук азчылыкка карата саясатына колдоо көрсөткөн. Ага кол койгон өлкөлөр Кытайда кайра тарбиялоо лагерлерин жокко чыгарып, аларды кесипке үйрөтүүчү жай катары сыпатташат.
«Терроризм жана экстремизм менен беттешкен Кытай Синьцзян аймагында ага каршы бир катар чараларды көрүп, атайын окуу, жайларды ачты», — деп айтылат кайрылууда.
Кытайды Сауд Аравия, Россия, Африқа, мамлекеттери, Түндүк Корея, Куба, Венесуэл, Беларусь, Мьянми, Сирия, Пакистан, Оман, Кувейт, Катар, Бириккен Араб эмираттары жана Бахрейн колдогон.
Бул тизмеде Кытайда кысымга кабылган улуттардын өкүлдөрү жашаган өлкөлөр (Казакстан, Кыргызстан) жок.
Эскерте кетсек, Кытайдагы этникалык кыргыздар кысымга кабылып, атайын жайларда кармалып жатканы маалымдалган.
Булак: «13-квартал»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ