Menu

Фото – Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мекке шаарына келишти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына учуп келген Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мекке шаарына келишти. Болочок ажыларды Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү жана Сауд Арабия Падышачылыгынын Ажылык министрлигинин алдындагы Кыргызстандык ажыларды тейлөөчү мекемесинин жетекчи Хаттаб Ужейми тосуп алды.

Мекке шаарына алгачкылардан болуп жөнөп кеткен мекендештерибиз толугу менен ыйык Харам мечитинен алыс эмес жерден орун алган Дауар Кудей районундагы мейманканаларга жайгашышып, алар үчүн ыйык Харам мечитине 24 саат каттап туруучу атайын автобустар ишке кирди.

«Бул автобустар акысыз биздин жарандарыбызды ыйык Харам мечитине ташып турмакчы. Бирок ар бир ажы башчы өз тобу менен чогу болуусу шарт», – деди Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөсү Равшан ажы Эратов.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: