Menu

Уурдалган байлык, ууланган эл, талкаланган жаратылыш…

Бөлүшүү:

Кен байлыктарын иштетүү Кыргызстанга пайда алып келип жатабы?

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Кендерди жөн эле каздыра бербей, туризмге басым жасаш керек”

– Кен байлыктарды мамлекетке зыян эмес, пайда алып келгендей шартта иштетсе болот эле. Тилекке каршы, айлана-чөйрөгө зыян алып келбей иштеткен технология бар болсо да, биздин Өкмөт ошону талап кыла алышпай отурат. Ошондуктан азыр тоо кен өндүрүшүн токтотуп, кендерди жөн эле каздыра бербей туризм, кайра иштетүү, таза азык-түлүктү импорттоо жана башка жагына басым жасашы керек.

Асия Сасыкбаева, экс-депутат: “Кен казгандар чиновниктердин чөнтөгүнө чоң суммада акча салышат”

– Кен байлыктар кыргыз элинин (кыргызстандыктардын) менчиги болуп эсептелет. Ошондуктан Өкмөт бул тарапта кылдаттык менен саясат жүргүзүп, кайсы кенди ишке киргизбесин элибиздин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшу керек. Ошондой эле ар бир кен байлыкты иштетүү чечимин кабыл аларда жергиликтүү эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элдин уруксатын алуу зарыл. Айлана-чөйрөнү бузбаш үчүн планды алдын ала жарыялап, жергиликтүү элге жана Өкмөткө канча каражат түшөөрүн билдириши милдет. Бирок бизде андай эреже колдонбогондуктан ким кайсы жерде, эмне казып жатканын жана казууда кандай ыкма колдонулуп жатканын көп учурда билбейбиз. Качан гана көйгөйлүү маселелер ММКларга чыкканда гана билебиз. Өкүнүчтүүсү, кен казгандардын көбү мамлекетке эмес, чиновниктердин чөнтөгүнө чоң суммада акча салышат. Ошон үчүн кендерди иштеткени менен мамлекет майда салыктан башка пайда таппай калат. Ошондой эле кен казуу тармагын изилдеген жана көзөмөлгө алган мекемелер да тийиштүү парасын алып унчукпай калган учурлар көп эле кездешет.

Базарбай Мамбетов, коомдук ишмер: ”Кенди иштетүүдөн бюджетке тырмактай да салым кошулбай жатат”

– Кыргызстан кен байлыгын иштетип пайда таппай жатканынын эң негизги себеби башкы келишим түзүшпөгөнүндө, түзүшсө да Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбаганында болуп жатат. Кептин баары акыркы мезгилде Кыргызстандагы кендерди Кыргызстанды тоноп кетебиз деген шылуун компаниялар иштетип жатканында. Ошон үчүн кен байлыктар иштегени менен бюджетке тырмактай да салым кошулган жок. Баарынан кызыгы, кен казуу лицензиясын алгандардын көбү кен казуу колунан келбеген шылуун компаниялар экени маалым болду.

Өкүнүчтүүсү, лицензия алган компаниялардын баары биздин Өкмөт менен жогору жактагылардын тилин таап, көңүлүн алып коюшкан үчүн алардын лицензиясын чакыртып ала албай жатышат. Эгер кендерди колунан иш келген компанияга берсек Өкмөт да, бюджет да байыйт эле. Мамлекет да пайда көрүп, элибиздин да жашоосу оңолушуна, экономикабыздын жогорулашына чоң салым кошот эле.

Турсунбай Бакир уулу, коомдук ишмер: “Кен байлыктарды каракчыдай тоноп жатышат “

– Кыргызстанда кен казуу биз күткөн пайданы алып келген жок. Ошон үчүн 1993-жылы “Кумтөр” алтыны боюнча Жогорку Кеңештин позициясын колдоп ЭрК партиясы ачкачылык жарыялап, Ак үйдүн астында митинг-пикеттерди өткөрүп Акаевдин коррупциялык саясатына, Бирштейн деген анын насаатчысы – экономикалык мыкаачы Канадага эң чоң алтын кенди сатуусуна каршы чыкканбыз. Өкүнүчтүүсү, ошол жылдан бери кендер арзан баада чет өлкөлүктөргө сатылып жатат. Нарында, Таласта, Ысык-Көлдө, Чаткалда, Алайда жана бөлөк аймактарда кен байлыктарды каракчыдай тоноп кетишип жатканына бийликти да күнөөсү чоң. Ошондуктан ЭрК партиясы 2017-жылдан бери бир нече жолу жаңы президент Сооронбай Жээнбековго «кен байлыктарга берилген лицензиялардын баарын мамлекет кайра чакыртып алып, иштетилип жаткан бардык кендерди консервация кылып кийинки муунга мурас катары калтыруу керек!» деген талабыбызды айтып келе жатабыз.

Нарис Калчаев, активист: “Бардыгын кайра карап чыгууга убакыт келип жетти”

– Кендердин эң чоңу “Кумтөрдүн” пайдасынан зыяны көп болуп жаткандан кийин калгандарын кеп кылуунун деле кажети жок. Эгемендүүлүк алганы кен байлыктар казылып жатат. Бирок эч кандай пайда алып келген жок. Инвесторлор менен бийликтин гана кызыкчылыгы корголуп, элдин кызыкчылыгы кордолуп жатат. Бардыгын кайра карап чыгууга убакыт келип жетти. Анткени бардык жерде жергиликтүү эл менен инвестордун ортосунда пикир келишпестиктер болуп келүүдө.

Бакыт Сакыбаев, “ЭлТР” МТРКнын алып баруучусу: ”Эгер мамлекетке пайда болбосо, анда эмне башка өлкөнүн жер казгычтарын киргизип экологиябызга, жаратылышыбызга коркунуч алып келип жатабыз?!”

– Кен байлыктар кайсы бир деңгээлде казынага пайда алып келип жаткандыр, бирок анын пайдасы ачык болбогону, канча кенден канча пайда келтирип жатканын эл билбегени өтө өкүнүчтүү. Ачык болбогону – демек бул жерде кайсы бир деңгээлде чоң коррупция жүрүп жатат дегенди түшүндүрөт. “Мына бу кенден мына мынча пайда таптык, былтыр мына мынча түштү эле” – деп так маалымат берип турушсун да. Андай маалыматты ЖК депутаттары сураганда деле, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү сураганда деле так айтпай жатышпайбы. Айткан күндө да туура эмес маалымат беришет. Эгерде чындап келгенде Кыргызстан тээ качанкы жылдарда эле ушу кен байлыктарыбыз менен Орто Азиядагы эң бай мамлекеттердин бири болмокпуз. Азыр же пайдадан жок же экономиканын көтөрүлгөнүнөн жок бир канча саналуу гана чиновниктердин капчыгын толтуруу менен убакыт өткөрүп жатабыз. Мисалга акыркы эле факт, ушул тармакты жетектеп кеткен Зилалиев кандай байыганын өзүңөр көрбөдүңөрбү. Үйүндө чыккан миллиондор ал жөн эле “карманный расходу” экен. Анын байлыгы банктарда, башка өлкөлөрдө сакталган. Эгер мамлекетке пайда болбосо, саналуу гана “крысаларды” байытып жаткан болсок, анда эмне экологиябызга, жаратылышыбызга коркунуч алып келип жатабыз?! Бизге ден соолуктун кереги болбосо, жаратылыштын кереги болбосо, келечек муундарга кечээки кооз жаратылыш, таза аба керек эле да.

 Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: