Бүгүн, 23-июлда Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы хансарайынын алдына чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берип, тарапкерлери менен сүрөткө түштү.
“Эртең буйруса түшкө чейин Москвага учам. Узатууну каалагандар болсо эртең саат 09:00га келсеңер болот”, – деди Атамбаев.
“Каякка келели, “Манас” аэропортунабы?” – деп такташты журналисттер.
“Жок, биякка эле келгиле, ушул жерден, Кой-Таштан эле кетем, ошондо көрөсүңөр каякка жана эмне менен кеткенимди. Жума күнү кайра кайтып келем. Ошондо Москвада ким менен жолуктум, эмне тууралу сүйлөштүм, баарын айтып берем. Азыр айта албайм, сыр сөздөр деген бар. Москвада кыргыз эмгек мигранттары менен жолуга албайм, анткени убактым болбойт, 36 эле саат болом”, – деп жооп берди Атамбаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ