Menu

Казакстанда экоинспектор браконьерлердин колунан каза тапты

Бөлүшүү:

23-июлда Акмоло облусундагы ооруканада сайгактарга аңга чыккан браконьерлердин изине түшкөн учурда ок жеген «Охотзоопром» инспектору мерт болду.

Казакстан Токой чарба комитетинин маалыматы боюнча ооруканада жарадар болгон экинчи инспектор да бар. Алардын аты-жөнү айтылган жок.

Мекеменин маалыматына караганда, 23-июлда инспекторлор Жаркаин районунда сайгакка аңчылык кылгандарды издөөгө чыгышкан. Жолдо аларга “Нива” үлгүсүндөгү унаадан аткылашкан. Инспекторлор жарадар болгон, санавиация чакырылган. Алардын бири райондук ооруканга эс-учун жоготуп, өтө оор абалда түшкөн.

Шектүүлөргө издөө жарыяланды.

13-январда «Охотзоопром» мамлекеттик ишканасынын эки кызматкерине Караганды облусундагы Нура районунун аймагында кол салуу болгон. Ал күнү инспекторлор рейд жүргүзүп, бөкөндөрдү атууга шектелген адамдарды колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Инспекторлор алардын унаасын текшерип жатканда, анын ичиндеги кишилер каршылык көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында экоинспекторлор оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. 15-январда Астанадагы ооруканада жаткан 53 жаштагы Ерлан Нургалиев каза болгон.

Нургалиевдин өлүмүнө шектүү катары үч киши кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: