Бүгүн, 25-июлдун кечинде Алмаз Атамбаев Москвага болгон сапарынан Канттагы Россиянын авиабазасына кайтып келип, журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.
-Сиздин Москвага болгон сапарыңыздан кийин эмне өзгөрүшү мүмкүн?
-Карап туралычы, мен азыр эчтекеге деле ишенбей калдым…
-Бирок ошол эле учурда коомчулукта “Кыргызстандагы бардык маселелер азыр Москвада чечилип калды, бул көз карандысыздыкка, суверенитетке шек келтириши мүмкүн” деп жатышат, бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-Эми ал сын пикирди мага айтып жатышат да, “Москвага эмне барды?” деп. Биринчиден, Путин жалаң эле Россиянын президенти эмес, ал менин досум, жакын адамым. Атайылап келип-кет деп килтейген самолет жөнөтүп жатса, эки-үч жолу суранды келип-кет деп. Анан мен барбай койсом уят болмок да, ошондуктан барып келдим. Ал киши кайгырып жатат, Кыргызстан эмне болот деп. 3-революция болуп кетеби деп кайгырып жатат. Мен ал кишиге айттым “революцияны дайыма бийлик даярдайт жана бийлик жасайт. Эл айла жок көтөрүлөт. Революцияны дайыма бийлик жасайт” деп.
– Алмаз Шаршенович, сизди “качып кетет” дегендерге эмне дейсиз?
– Аман эле болушсун, тескерисинче жакында өздөрү качышат. Бул жер менин мекеним, менин өлкөм. Топурагы буйрусун, бул менин жерим.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ