Menu

Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду абакта калтырды

Бөлүшүү:

Чүй облустук сотунун коллегиясы Азимжан Аскаровду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Ишти Улан Садырбеков төрагалык кылган коллегия карап чыкты.

Адвокат Валерьян Вахитов Аскаровду бошотууну суранган. Ал эми мамлекеттик айыптоо өмүрүнүн аягына чейин кесилген адамдын иши кайра каралууга жатпай турганын билдирген.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

​Бүгүнкү соттук процесске Британия, Германия, Швейцариянын элчиликтеринин жана Human rights watch эл аралык уюмунун, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: