Жыл сайын Кыргызстандын 60 миңдей жараны өз өлкөсүндө же чет жакта кулчулукка кабылуу коркунучуна туш болот. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын (UNODC) өкүлдөрү билдиришти.
Кулчулукка кептелген аялдардын көбү сексуалдык кордукка кабылат, ал эми эркектер оор жумуштарга тартылат. Миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 адам кулчулуктан куткарылган. Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ