Жакындап калган күрдөөлдүү күздө өкмөт башчы Абылгазиев кызматтан алынары айкын болуп турат. Анын ордуна баш бакан болчу башкы талапкерлер катары Чүйдөн: Темир Сариев, Канат Исаев, Иса Өмүркулов жана түштүк тараптан учурда Президенттик иш башкармалыкты жетектеп жаткан Турдуназир Бекбоев каралыптыр. Бул талапкерлердин ичинен Бекбоев Жээнбековго өтө эле жакын ишенимдүү адам. Ажо жат десе жатат, тур десе турат дегендей. Бирок экономикага тиши өтпөйт. Чамасы чарк. Айтор, баш бакан болуп калса, Абылгазиевден ашып кетиши кыйын. Ал эми Исаев деле бийликке жакын болгон менен, саясатта тажрыйбасы азыраак. Алабармандык жайы бар. Сариев болсо экономиканы чагат, буга чейин да баш бакан болуп кандай иштешти көрсөткөн. Бирок анын кайрадан баш бакан болуп калуу мүмкүнчүлүгү азыраак. Өмүркуловдун аты аталып жатканы менен аны өкмөт башчы кыла коюшпас. Ал өкмөт башчыга караганда спикерлик кызматка көбүрөөк жарамак.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ