Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетин жуктурган 13 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарында – 6 адам;
– Нарын облусунан – 1 адам;
– Ош шаарынан – 6 адам.
Республика боюнча коронавирус илдетинен айыккандардын жалпы саны 650 адамга жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ