Menu

Бакиевди актап-жактаган Шакиев менен Келдибековду УКМК суракка чакырды

Бөлүшүү:

30-июль күнү «NеwТV» жана «NurТV» деген аталыштагы менчик теле каналдар 2010-жылы 90 баланын канын төгүп Беларусияга качып кеткен канкор, качкын президент Курманбек Бакиев тууралуу телекөрсөтүү беришти. Көрсө, 1-августта качкын Бакиев 70 жашка толуп атыптыр. Эң кызыгы эки телеканал тең бир учурда Бакиевдин жан-жөкөрү болгон адамдарга таандык. Бирин Бакиевдин пресс-катчысы Нурлан Шакиев жетектесе, биринин кожоюну Бакиев учурунда Салык кызматын жетектеген, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун уулу Бекболот Келдибеков жетектейт.

Анан да көрсөтүү чыккандан кийин Нурлан Шакиев өзүн периште катары сыпаттап актаныптыр, «Биз ал берүүнү даярдаган жокпуз. Өздөрү даярдап келишиптир, ошол материалды эле берип койдук, эч кандай күнөөбүз жок» деп. Бакиевдин туулган күнү менен куттуктап Кыргызстандын ичиндеги каналдардын телекөрсөтүү берүүнүн өзү кыргыз элин шылдыңдагандык эмеспи? Же эмне бул беруү аркылуу элдин маанайын байкап атышабы? Бүгүн унчукпасак эртең Бакиевдерди алып келишибиз керек деп так ушулардын чыгаары турган иш эмеспи. «Бөрү баласы ит болбойт» деген чын экен да…

Курманбек Бакиев бийликте олтурган 2005-2010-жылдар аралыгында кыргыздын 30га чукул мен-мендеген эр азаматтары буюртма менен өлтүрүлгөнү айныгыс факты да. Ушул сыяктуу ыплас иштердин аркасы менен «Бакиев» деген фамилияга 10го чукул кылмыш иши козголгонун билебиз. Бакиев өлкөгө кайтып келе турган болсо чек арадан түз эле түрмөгө бараарын жакшы билет. 2010-жылы Сооронбай Жээнбеков өмүрүн тобокелге салып Оштон кууп чыкканын билебиз. Муну «Өнүгүү» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев да тастыктаган: «2010-жылы Оштон Бакиев Курманбек Салиевичтерди кубалаган именно Сооронбайлар» деп. Демек, буларды эске алганда азыркы бийлик Бакиевди актап, аны реабилитация кылган жатат дегендин өзү абсурд.

Кандай болгон күндө «NеwТV» жана «NurТV» Бакиев тууралуу көргөзүп, бийликти «подстава» кылды десек болот. Бул көрсөтүүдөн кийин УКМК Бакиев тууралуу көрсөтүү берген телеканалдарга эскертүү берди. Ал эми кечээ 1-август күнү жогоруда аты аталган эки телеканалдын жетекчилери Нурлан Шакиев менен Бекболот Келдибеков УКМКга суракка чакырылды.

Жогоруда сөз болгон көрсөтүү боюнча айрым депутаттардын пикирин угуп көрдүк…

Дастан Бекешев Бакиев тууралуу тасма азыркы бийликтин колунан келди деген айрым соцтармактардын колдонуунулары менен макул эмес.

— Мен «NеwТV» жана «NurТV» менчик каналынын жетекчилерин болжолу менен билем жана алардын анча-мынча мээси айнып калды деп эсептейм, – айтты эл өкүлү. – Эгерде алар президент Сооронбай Жээнбеков Курманбек Бакиевди колдойт же анын кайтып келишин көздөйт деп ойлошсо, бул андай эмес. Муну мен так айта алам. Жээнбековдун бүт үй-бүлөсү Бакиевдерге тикеден тик каршы турушуп, алар менен күрөшкөн. Эч качан алар Бакиевдерди реабилитация кылбайт деп билем.

Башка эл өкүлү Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, телеканалдын жетекчилигин жоопкерчиликке тартыш керек.

—Бул жарандардын өлүмүнүн аркасы менен кыйраган режимди башкарган адамды актагандык, – деп парламентарий ою менен бөлүштү. – Бул сыяктуу репортаждар катары менен адам өлтүргүчтү телевидение аркылуу мактоого барабар. Анын тынч жарандарды атуу, бийликти узурпациялоо, коррупцияга күнөөлүү болгон сот чечими бар. Мындай кылмышкерди ушинтип мактап биздин телеканалдар аркылуу көрсөтүүгө болбойт.

Мен телекомпаниянын жетекчилери өздүк жана көркөм менеджментин кайра карап чыгышы керек деп ойлойм. Авторлорду жалпы уяткарып, мыйзам жол берсе, прокуратура мындай нерселерге көңүл бурушу керек.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: