Menu

Видео – Мухаммедкалый Абылгазиев: “Иштей албаган жетекчилер башка кызматтарга которулбай, биротоло мамлекеттик кызматтан кетиши керек

Бөлүшүү:

“Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу планы аткарылбай жатат. Салык инмпециясында кемчиликтер көп. Ошондуктан киреше бөлүгүн аткара албаган салык инспекциянын жетекчилери кызматтарынан кетиши керек. Бизде адатта аларды башка райондорго которуп жиберишет. Антпей эле алар иштей албай жаткандыктан биротоло мамлекеттик кызматтан кетириш керек.”, – деди бүгүн, 5-августта КР Салык кызматынын коллегиясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Кээ бир райондор планды аткарып жакшы иштеп жатышат, ал райондордун салык инспекциясынын жетекчилерин кызматтан көтөрүш керек. Антпесе “жакшы иштесең деле жаман иштесең деле жүрө бересин” деп кызматка кош көңүл болуп жатышат. Ал эми иштей албай, аландарын толтура албай жаткан район жетекчилеринин тизмесин бериңиз, алар кызматтарынан кетишсин. Алардын ордуна тажрыйбалуу уюштургуч жетекчилерди дайындайлы”, – деди премьер Абылгазиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: