Menu

Өзбекстанда Туракурган жылуулук электр станциясынын алгачкы газ трубинасы ишке кирди

Бөлүшүү:

5-августта Өзбекстандын Наманган облусундагы Туракурган Жылуулук электр станциясынын алгачкы газ трубинасы ишке кирди. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, азырынча трубина сыноо иретинде иштеп, ноябрдан тарта толук кубаттуулукка өтөт.

«Биринчи орнотмону ишке берүү 2019-жылдын сентябрь айына пландалган. Экинчиси быйыл ноябрда иштей баштайт», — деп билдиришти мекемеден.

Расмий билдирүүдө белгиленгендей, курулуш иштерине 2 400дөн ашык жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчулар тартылган. Бул Жылуулук электр станциясынын ишке кириши менен жылына кошумча 7 миллиард кВт/саат электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, Наманган, Анжиян жана Фергана облустарынын жарыкка болгон керектөөсү камсыздалат.

Өзбек президенти 2017-жылы 2-майда кол койгон токтомго ылайык, Наманган облусунда жалпы кубаттуулугу 38,5 МВт жана өндүрүштүк кубаттуулугу 150,8 миллион кВт/саатка жеткен кичи ГЭСтер курулушу керек. Кубаттуулугу 900 миллиард МВт жана баасы 1,2 миллиард долларды түзгөн Туракурган Жылуулук электр станциясы дагы ушул программанын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Бул станцияны куруу боюнча долбоор 2014-жылы түзүлгөн. Анын алгачкы блогун 2016-жылы, экинчисин 2017-жылы пайдаланууга берүү пландалган.

Жылуулук электр станциясын Жапониянын Mitsubishi корпорациясы менен Mitsubishi Hitachi Power Systems Ltd консорциуму өнөктөштүктө курган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: