Menu

УКМК: каза болгон кызматкерге спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон атайын бөлүктүн кызматкерине спайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн деген кабар таратты. Ошондой эле ок үй тараптан чыкканы айтылат.

Атайын кызмат Атамбаевди кармоо аракети учурунда бир нече атайын бөлүктүн кызматкерлери жаракат алганын, атайын кызматтын кызматкерлери желим ок гана колдонгонун, ал эми үй тараптан аскер огу атылганын белгилейт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылуу жасады. Ал өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, “аскердик ок да колдонулду” деп айтты.

“Биз, мен да, Кой-Таштагы башка адамдар да террорист эмеспиз”,-деп билдирди Атамбаев.

Ал бийликке буга чейин жазуу түрүндө көрсөтмө берүүнү бир нече жолу сунуштаганын белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: