Menu

Бейшенбек Бекешов, журналист: “Сооронбай Жээнбековдун Алмаз Атамбаевди түрмөгө салганы тарыхта калаар эрдик, КМШ өлкөлөрүнүн тарыхында биринчи жолу зулум президент камалды”

Бөлүшүү:

“Шүгүр билбеген эл балээден арылбайт”,  Сооронбай Жээнбековдун Алмаз Атамбаевди түрмөгө салганы тарыхта калаар эрдик деп айтсак болот. “Бир армия бир кишини кармап келгени эрдикпи?” – деп жалданма жаактар жаалап чыгарынан кыпындай да шегим жок. Атамбаев бир киши эмес. Түрмөгө Атамбаев менен кошо биздин соңку тарыхыбызда, биздин эле эмес, адамдарды адамча башкаруу системасын жасай албай келаткан бүтүндөй Шериктештик өлкөлөрүнүн тарыхында биринчи жолу зулум падыша түштү, элди эжигейдей эзип келаткан эки жүздүү, бетпак бийликтин башкы таянычы, отуз жылдан бери жемкорлордун баары “Жемкор качты!!!” – деп айгай салып, бирок бирин да кармай албай келаткан жемкорлордун ана башы түштү түрмөгө.

Бийлик деп ооруганды көргөнбүз, бийлик деп ууланганды көргөнбүз, бирок Атамбаев сыяктуу бийлик деп акыл-эсинен ажыраганды көрө элек болчубуз. Оюнда ашынган шылуун кутумчулардын да түшүнө кирбес план иштеп чыктым деди да. Бирок өзүн бийликке алып келген убактылуу өкмөтчүлөрдүн ант-шертин, коомчулуктун кой-айын уруп ойнобой, Баш мыйзамды башын толгоп бузуп, каршы чыккандын баарын кабыргасын сындырып камап, жетим жүгүрүктөрүнөн өкмөт түзүп, анан көз будамайлоо үчүн мураскор издеп, көтөн зордук менен шайлоо өткөрүп, арамдан бүткөн ак сарайына барып койкоюп олтуруп калганы кимге жаңылык эле? Анда тынч эле олтуруп калбасы кимге жаңылык эле?

Эки “достун” ортосунда эмне сыр, эмне шерт өткөнүн билбейбиз. Бир билгенибиз – шайлоо алдында “мураскер” менен жекеме-жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгү болуп, “Эгер Кудай буюруп жеңип чыксаңыз, шефиңизге иштейсизби?” – деп түз сураганым бар эле. Безге сайгандай секирип кеткен: “Эл алдында ал эмес, мен өзүм жооп берем да! Мен Ошто жүргөндө эч нерсе билбепмин да. Бул жерден баарын көрүп атам. Кудай буюрса баары башкача болот…” – деп. Бир сөз менен ынандырган ошону көрдүм. Эзилбейт да, эзбейт да экен. Ким менен гана сүйлөшпөй, элди түрө кыдырып жүрүп, андай сөздү ал жалгыз мага айтпаса керек.

Атамбаев деген чоң балээ экенин, андан куткараар бир эле реалдуу күч Сооронбай Жээнбеков экенин сезген да жалгыз мен эмес болчумун. Бул миңдеген, жүз миңдеген мекендештердин көкөйүндөгү үмүт эле. Атамбаев элдин назарынан калып калган. Ал турсун мечитте да белгилүү бир молдокебиз: “Кудай-Таалам зулумдарды өз проблемасы менен өзүн алыштырып жок кылсын!” – деп дуба тартканда “Оомийин!!!” – деген дуулдак мечитти жарып кетээр эле. Көрсө план дегенди ар бир көр пенде түзө берет экен. Бирок чыныгы пландоочу Кудай болот тура. Кудайдын назары түшпөгөн киши падыша болбойт же Кудай элдин өзүнө жараша падыша берет деген сөз ушу экен да.

Ачыгын айтсам жеке мен Жээнбековдон Атамбаевдин эсебин тапканынан башка эч нерсе деле күткөн эмесмин. Саясий, экономикалык, социалдык, соттук жана башка реформа дегендин баары бул башкы маселе чечилмейинче жөн эле куру сөз эле. Атамбаев орус бийлигинин атайын учагына түшүп Россияга жөнөгөндө мен эле эмес, элдин токсон тогуз пайызы бийлик муну качырды деп түшүндүк. Бийликти баарыбыз жерден алып көргө, көрдөн алып сууга салып, шыбап жатып калганыбыз ошондон болду. Эл жарылып кеткиче дымып олтурган Соке Путин экөө сүйлөшүп алып аны бутунан аркандап койгонун билбедик. Бозала кылып кайра алып келип коюшту го. Эс-акылы бар киши ошондон кийин дымыш керек эле.

Жок эле дегенде “Кудайдан жөө качкандар” дебейин, бир дагы эстүү-баштуу киши колдоп келбей койгондо дымыш керек эле. Элге күлкү кылган маскарапоздорго күнү түшүп калганда, акыл чөйчөгүндө фейктер тараткан трайбалисттик чакырыктардан башка эч нерсе жок калганда дымыш керек эле. Жок, антпеди. “Оштук спецназды алып келип жатышат…” – деп өзү баштап баса айтып козутту. Балким, өзүм баштап берейин деп дүрбү мылтыгы менен оштук жоокерди таанып туруп эле атып салды.

Кайран карапайым кара аламан! Акчалуунун, кооз сүйлөгөндүн оозун караган, айрыкча, эл бузар, журт иритээр чөөлөрдүн айдагы менен ууланган, дайыма шылуундардын курмандыгына чалынып, өз башына өзү мүшкүл тилеп алган шордуу кара аламан! Ошентсе да “уй мурдун сасык деп кесип салбайт”. Кара аламан да биздин эл. Ал турсун Атамбаевдин өзү да биздин эл. Болгондо да кыргыз. Кыяс Молдокасымов досум анын ата тегин ичкилик кыргыздардан тапканда ишенген жок элем, бул тарыхчы шайтандап атабы, төртүнчү атасын билбеген киши кантип кыргыз болсун деп. Анын жазаланаары анык болуп калган шериктерин коргоп, курман болгон жоокерди мен аттым деп өз мойнуна алып чыга бергени менин бул шегимди өчүрдү. Мындайга кыргыз тукуму гана жарайт деп ойлойм. Келесоолугу да, эрдиги да бар кайран кыргыз! Келесоолук деле, эрдик деле кылбай, жөнөкөй эле жакшы адам болуп жашап өтсөк бир эмес, эки дүйнөдө бак табат элек да. Ошентсе да адамдын өмүрүн кыюу, ден-соолугуна залал келтирүү деген ишке арачы түшүү түшүбүзгө да кирбейт. Ким болбосун толук жазасын алууга тийиш.

Бирок ууру-кескилик маселесине келгенде алганынын баарын чыпчыргасын калтырбай кустуруп алып, анан гана адамкерчиликке салып койсо неге болбосун. Эмнеси болсо да Атамбаевдин камалышы менен элибизге дагы бир тарыхый сыймык кошулду. Буга салым кошкондун баарынын кадырын билүү абзел. Аны кан какшап айтып турушубуз керек. Мындай иштер туураганга үлгү, иштегенге түрткү болууга тийиш. Кадыр билбесек эл сыймыктанаар бир да адамды тааныбаган, жакшы адамдарды ата десе көзү өткөндөн Табылды Эгембердиев менен тирүүдөн Шайлообек Дүйшеевден башканын атын таппаган, сыйла десе көзүнө өзүнүн жетим жүгүрүктөрүнөн башка эч ким көрүнбөгөн Атамбаев сыяктуу башкаруучуга татыктуу болобуз.

Жакшыны жакшы деп турсак жакшылык көбөйөт. “Барга шүгүр, жокко сабыр” кылсак береке көбөйөт. “Оозду куу чөп менен аарчый бергендердин” жарыганын көрө элекпиз. Айрыкча интернеттеги аксымдык менен ээн ооздуктун, кызылдай эле акмакчылык менен кылмышкерликтин кесири тийбегей эле деп корком. Ооба, интернет деген али эл эмес экенин билем. Социалдык тармак коомдук пикирдин күзгүсү эмей эле жалданма жаактардын согуш талаасы болуп калганын түшүнөм. Ошентсе да фейк “досторду” жыйнап алып, интернетти акыл-эстүүнүн баары качып кетээр чычтымканага айлантууга шарт түзүп жаткан өз ниетибизди өзүбүз да билебиз, Кудай да көрүп турат. Мына ушунун кесиринен корком.

Бир топтор, айрыкча арам тамакка аралашкандар Атамбаевдин эсебин тапкан Жээнбеков үчүн эми бир да саясий реформа, бир да экономикалык долбоор, бир да жемкор, бир да мамлекеттик ишмер же ишкер, ал турсун бир да жакын тууган же куда-сөөк кеп эмес экенин сезип, күйбөгөн жерлери күл болуп, эс-учун жоготкуча жаалданып жатышат. Сындаба деген чакырыкты эч ким жасаган жок. Сындамак турсун, зарылчылык болсо чучугуна жеткирип сындоо керек. Сөз эркиндиги биздин коомдун зулумдук ашынып кеткенде да иштеп турган баа жеткис байлыгы, улуттук дөөлөтү, элдик жүзү. Бирок туура сөз, адилет сын. Президент да, Өкмөт да күдүктөп эле өз бетинче иштемиш болуп жаткансыйт. Натыйжа деген көрүнбөйт. Жалпы элди бир багытка мобилизациялоо, бир максатка ынандыруу, эртеңкисине ишеним берүү деген жокко эсе.

Каңгып кеткен мекендештерибизди кайтарып келүүнүн “к-сы” да жасала элек. Муну эмне айтпашыбыз керек? Кен байлык иштетебиз деп Бейиштей жергебиздин ишпалдасы чыгып жатат. Мунун пайдасынан зыяны көп экенин эл да түшүнүп, дээрлик бардык жерде айыгышып каршылык көрсөтүп жатат. “Жашыл экономика” деген эң заманбап, эң пайдалуу, алтын-күмүш суудай агылып келээр саясат өкмөттүн түшүнө да кире элек. Тетирисинче, жабылды делген уран иштетүүнү кайра жылтактатып чыгарып жатат. Муну эмнеге айтпашыбыз керек? Өлкөбүз аркылуу өтчү транзиттик темир жолду Эркештамдан Ошко эмес, Торугарттан Балыкчы менен Өзгөнгө, андан ары Жалал-Абадка салуу биз үчүн эң пайдалуу экенин азыр бешиктеги балага чейин билип бүттү. Бирок Өкмөт аке да, Президент аке да биле элек. Муну эмне айтпашыбыз керек? Ишке ашпай жаткан мындай долбоорлор менен концепциялар ондоп саналат. Башыңарды оорутуп баарын тизип олтурбайын.

Дагы бир айтам, Атамбаевдин камалышына эгемендүүлүк алгандай эле сүйүнүшүбүз керек. Балким бул биз баарын башынан кайра баштоо үчүн ачылган мүмкүнчүлүк. Отуз жыл бою чогулган акыр-чикирдин баарын тазалап алуу үчүн мүмкүнчүлүк. Бүтүндөй саясий системабызды түп-тамырынан бери өзгөртүп, шайка партиялардан кутулуп, чыныгы элдик республиканы түзүп алуу үчүн мүмкүнчүлүк. “Өз башы менен иштебейт, жетелеме”, “мажирөө, шалтурук”, “оюн орусча тургай, кыргызча да айта албайт” деп шыбалып жаткан Сооронбай Жээнбеков Атамбаевди түрмөгө тыгуу менен өлкөнү тушап-матап турган кишендин ачкычына ээ болуп, биз эле эмес, дүйнө эли суктанаар эрдик жасады. Ошону менен кыргыздын Ли Куань Юсу же Мухаммад Махаткири болуу мүмкүнчүлүгүн алды. Болоюн десе жардам берели. Башыбызга көтөрөлү. Болбоюн десе, ал эми бат эле көрүнөт, кайран кыргыздын шору арылбады деп, башкасын издейли. Анан да экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзамды өз демилгеси менен өткөргөн баатырдыгын да унутпайлы. Бүгүнкү Курман айт майрамыбыз маарек болуп, ар бирибизди эки дүйнөнүн жакшылыктары гана жылоолосун!

Бейшенбек Бекешов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: