Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши (World Craft Council) Кокон шаарын Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр шаарынын тизмесине (World Craft City) киргизди.
Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин президенти Рози Гринлис Кокон шаарынын өндүрүш тармагында жана маданиятында устачылык чоң ролго ээ экенин билдирди:
– Кокон бүткүл дуйнөлүк кол өнөрчүлөр шаарынын коомунда татыктуу орун алганына кубанычтабыз. Кокон бул тизмеге киргенине байланыштуу өз милдеттемелерин аткарып, дүйнөдөгү бардык көл өнөрчүлөргө жалпы платформа түзүү үчүн эл аралык карым-катнаштарын кеңейтип, башка шаарлар менен жигердүү кызматташат деп үмүттөнөбүз.
Кокон шаарында 10-15-сентябрда Эл аралык элдик-колдонмо өнөр фестивалы өтөт.
Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр шаарынын тизмеси 2014-жылдан бери бар. Учурда анын курамына дүйнө жүзү боюнча 30 шаар киргизилген.
2019-жылы мартта Өзбекстандын «Хунарманд» ассоциациясы Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешине мүчө болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ