Menu

ИИМ КМК: Чет өлкөлүк ишкерден акча каражатын опуза талап кылган жаран аныкталды

Бөлүшүү:

Ички иштер органдары тарабынан Турциянын жаранынан акча каражатын опуза талап кылган факты боюнча иликтөө жүрүп жатат. 2018-жылдын күзүндө УКТнын мүчөлөрү катары өздөрүн тааныштырган белгисиз адамдар кырк беш жаштагы Турциянын жаранына физикалык күч колдонуу менен коркутушуп, акча каражатын опуза талап кылып, ошону менен ай сайын төлөмдөр болууну буйрушкан.

Аталган факты боюнча азыркы учурда Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (опуза талап кылуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда. Иликтөөгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери тартылган.

Аталган кылмыш ишинин бетин ачуу жана тиешеси барларды аныктоо максатында комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Телефон чалууларга анализ жүргүзүлгөн. Ыкчам иштөөлөрдүн жана маалыматты топтоонун жүрүшүндө милиция кызматкерлери криминалдык курам менен байланышта болгон Бишкек шаарында жашаган отуз үч жаштагы аялды табышкан.

Ыкчам-издөө мүнөздөгү иш-чараларды мындан ары жүргүзүүдө ыкчам кызматкерлер менен тергөөчүлөр ЖАМКтын түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан Ош облусунун 1990-жылы туулган С.уулу С. аттуу тургунун аныкташкан. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран коомго коркунучтуу иш-аракеттери үчүн соттолгон: өлтүрүү, ок атуучу куралды сактоо, опуза талап кылуу жана кылмыш издерин жашыруу.

ИИМдин КМКнын УККБнын маалыматы боюнча 1990-жылы туулган С. уулу С. жаза өтөө жайында жүргөнү менен ал жактан чалууларды ишке ашырып, ишкерлик менен алектенген чет өлкөлүк жарандар менен байланышып, алардан акча каражатын опуза талап кылып жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө аны №1 тергөө абагына которушуп, суракка алуу учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Жогоруда көрсөтүлгөн отуз үч жаштагы аял анын жубайы болуп чыккан.

Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча иликтөө жүрүп, шектүүнүн жана башка адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: