Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов: «Курсан Асановду суракка алып, анын үйүн тинтүүгө алууга жактоочусу катары катыштым. Кызыгы, козголгон кылмышы иши менен анын өзүн толук тааныштырышкан жок. Менимче, Курсан Асановдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинде анын кадырын түшүрүү үчүн ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин жеке кызыкчылыгы бардай. Кылмыш иши тергелип аягына чыкканга чейин Кашкар Жунушалиев кызматынан убактылуу кетиши керек. Анткени бул иште күбөлөр милиция кызматкерлери болгондуктан аларга министр кысым жасап, көрсөтмөлөргө таасир этиши мүмкүн» – деп билдирди. Жүйө катары, тиешелүү иликтөөлөр жүрө электе ИИМ министринин Курсан Асановду оор кылмыштарга айыптап чыкканы анын жеке кызыкчылыгы бардыгы менен байланыштырды. Ырасында биз буга чейин ИИМ интриганын туткунунда калганын жазганбыз.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ